АЭУнун Медицина факультетинин бүтүрүүчүсү Ваджид Икбал Найч Пакистанда медициналык практика жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн өткөрүлгөн National Registration Examination (NRE) сынагын ийгиликтүү тапшырды.
Биздин бүтүрүүчүнүн айтымында, ал даярдыкты төртүнчү курста негизги билимдерди изилдөөдөн баштаган. Алгач тапшырмалардын түзүлүшүн түшүнүү үчүн USMLE сынагына көңүл бурган. Мындан тышкары First Aid жана BNB видеолекцияларын колдонуп, Q-банктан бир нече суроолорду чечкен. Экзаменге төрт ай калганда ал USMLE Step 2 сынагына даярдана баштаган, бирок курсту толук бүтүрүүгө үлгүрбөй, негизги көңүлдү кыскача кайталоолорго бурган. Башкы даярдыгын NRE Made Easy Q-банкынын суроолору менен жүргүзгөн.
Ошондой эле, ал бул экзаменди тапшырууну пландаган болочок доктурларга пайдалуу кеңештерин берди. Ал USMLE Step 1 жана Step 2 кыскача резюмелерин окууну сунуштап, First Aid USMLE Step 1, NUMS University суроолору жана башка пайдалуу ресурстарды колдонууга кеңеш берди. Ваджид Икбалдын тажрыйбасы – компетенттүү адис болууга туура мамиленин үлгүсү жана болочок дарыгерлер үчүн мисал боло алат. Бүтүрүүчүбүздү экзаменди ийгиликтүү тапшыруусу менен куттуктайбыз жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!