2025-жылдын 8-январынан баштап “Ала-Тоо” Эл аралык университети башка ЖОЖдордон которуулар башталганын жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык студент 1-курсту аяктагандан кийин жана 3-курстун 2-семестринен кечиктирбестен которула алат, анткени окуунун биринчи жана акыркы курстарында которууга тыюу салынат.
Которууда студенттин англис тилинин деңгээли АЭУнун атайын тести – AIU EPT менен текшерилет, анткени бул студенттин которулуусунун милдеттүү шарты. Окууну улантуу үчүн студенттин англис тили деңгээли Intermediate жана андан жогору болушу керек.
Которулуу үчүн эмне кылуу керек:
- Студенттик бөлүмдө (А Блок, 1-кабат, 102-кабинет) которуулуу үчүн атайын форманы толтуруп, ага өзүнүн транскриптин (предметтердин тизмеси) тиркөө керек же student.affairs@alatoo.edu.kg электрондук дарегине өзүнүн транскриптин жөнөтүп, мурунку университетте окуган курсун, окуу программасын жана АЭУда каалаган окуу программасын көрсөтүүсү шарт;
- Макулдук алгандан кийин, төмөнкү документтерди АЭУнун кабыл алуу комиссиясына тапшыруу керек:
- Паспорттун көчүрмөсү
- ЖРТ сертификаты (түп нускасы)
- Аттестат (түп нускасы)
- Транскрипт
- Академиялык маалымкат (мурунку ЖОЖдун студенттик бөлүмүндө берилет)
- Сүрөт 3*4 (6 даана)
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу байланышыңыз:
+996 (555) 82 00 00