0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун профессору КРнын Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болду

АЭУнун профессору Алимжан Закиров өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчө болуп кирди. Улуттук Жазуучулар Союзунун 90 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленип, профессорубузга күбөлүк менен төш белги тапшырылды.

“Менин калемиме таандык китептер, повесттер жана башка эмгектерим элге жагып, мени Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчө кылып алышты. Филармонияда чоң отурум болуп, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка өлкөлөрдөн келген өкүлдөр кыргыз адабияты жана балдар адабияты, проза жана поэзия тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөштү. Ошондой эле кыргыз тилине жакшы көңүл бурулушу керектиги баса белгиленди.” - деп кошумчалады А. Закиров.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзу – Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. Учурда Жазуучулар Союзунун 600дөй мүчөсү бар. Проза, поэзия, драма, котормо, улуттар адабияты, адабий сын, балдар адабияты, жаштар чыгармачылыгы боюнча секциялар иш алып барат.