Enactus Kyrgyzstan’дын аткаруучу директору менен жолугушуу

2024-жылдын 10-декабрында АЭУда Enactus Kyrgyzstan’дын аткаруучу директору Алтынай Жумабекованын катышуусунда жолугушуу өттү. Жолугушуунун негизги максаты – Университет менен Enactus Kyrgyzstan’дын ортосундагы кызматташтык меморандумун жаңылоону жана университетте иштеп жаткан Enactus AIU студенттик уюмунун иши менен таанышуу болду.

Жолугушуу учурунда тараптар кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде студенттер арасында ишкердик демилгелерди өнүктүрүү, социалдык долбоорлорго катышуу, ошондой эле университет студенттеринин Enactus уюмунун эл аралык жана улуттук конкурс жана иш-чараларына катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, жолугушууда Экономика жана башкаруу факультетинин деканы Турдукан Бекимбетова долбоорлорду өнүктүрүүнүн студенттер үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Enactus AIUнун академиялык кеңешчиси Рустам Чонов студенттердин учурдагы долбоорлору жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Тараптар кызматташтыкты күчөтүү, меморандумду түзүү жана жаштар арасында ишкердик жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы билим берүү программаларын жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешип аракеттенүү боюнча макулдашты. Мындан тышкары, жолугушуу АЭУ менен Enactus Kyrgyzstan ортосундагы байланышты чыңдоодо жана университет студенттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болду.

Сүрөт отчету: