0%
Brand Image
Loading ...

Көп берилүүчү суроолор

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн босого баллдарды белгилейт. 2024-2025-окуу жылы үчүн негизги тест боюнча босого балл 110 баллды түзөт.

 

ЖРТнын негизги тестинен тышкары Инженерия жана информатика факультетине тапшыруу үчүн АЭУ математика жана физика боюнча кошумча предметтердин упайларын сурайт. Медицина факультетине кирүү үчүн биология жана химия боюнча кошумча тесттердин натыйжалары талап кылынат. Кошумча тесттер үчүн босого упайлар – 60 упай.

АЭУ окуу үчүн бюджеттик орундарды бербейт. Бирок, университет ЖРТнын жыйынтыктарын, окуудагы жетишкендиктерин жана студенттердин материалдык абалын эске алуу менен окуу үчүн 5% дан 100% га чейин жеңилдетүүлөрдү сунуштайт. Арзандатуулардын толук тизмеси менен ала аласыз.

Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин университет англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн ички тестин өткөрөт. Бул тестти ийгиликтүү тапшырган студенттер 1-курска өтүшөт. Босого упайын ала албаган окуучулар даярдоо курсуна отурушат. TOEFL (IBT 60 points), IELTS (6.0 points) же Duolingo (100 points) расмий сертификаттары бар студенттер ички сынакты тапшырбастан 1-курска окуй алышат. Университет башка кошумча кирүү сынактарын өткөрбөйт.

АЭУнун өнөктөштөрү шаардан тышкаркы жана эл аралык студенттер үчүн жатаканаларды берет. Жатакана университеттин жанында ыңгайлуу жерде жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндө буйругуна ылайык, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жыл сайын июль айынан башталат.

Жогорку кесиптик окуу жайларында күндүзгү окуу формасы боюнча окуп жаткан жарандар аскердик кызматка чакырууну кийинкиге калтыруу укугуна ээ. АЭУ Аскер Комиссариатынын бөлүмүнө справка берет. Анда студентке армиядан окуп жаткан мезгилине, бирок негизги билим берүү программаларын нормативдик өздөштүрүү мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө калтыруу берилет.

Чет өлкөлүк жарандар акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча эл аралык келишимдерге ылайык биздин университетте жогорку билим алууга укуктуу. Чет элдик абитуриенттердин кабыл алуу тууралуу толук маалыматты www.iro.alatoo.edu.kg сайтынан окуй аласыз.

Негизги жана кошумча сабактар боюнча жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн ЖРТдан босого баллын ала албаган абитуриенттерге университеттин алдындагы IT & Business колледжине тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 айды түзөт. Кесиптик колледжди аяктагандан кийин университетте ошол эле адистик боюнча дароо 2-курска ЖРТны тапшырбастан окуу мүмкүнчүлүгү бар.

Экономика жана бухгалтердик эсеп

Маркетинг

Компьютердик системалар жана комплекстер

Эсептөө техникалардын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу

Дизайн (компьютердик-графикалык)

АЭУнун IT & Business колледжи абитуриенттерди 9 жана 11-класстардын негизинде кабыл алат. Колледжге тапшыруу үчүн абитуриенттер англис тили жана математикабоюнча кирүү сынагынан өтүшөт. Кирүү экзаменинин суроолорунун үлгүсүн http://college.alatoo.edu.kg/ сайттан көрө аласыз.

Даярдоо курсунда студенттер англис тилин терең үйрөнүшөт. Англис тилинен тышкары студенттер немис же түрк тилин экинчи чет тили катары тандашат. Экинчи кошумча тилди үйрөнүү үчүн жумасына 8 саат, англис тилин үйрөнүү үчүн 24 саат берилет.

Окуу акысын бөлүп төлөөгө болот: ар бир семестрдин башында 50% төлөө керек.

Тапшыруу үчүн керектүү документтер: 

  1. Орто жалпы же орто кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (Аттестат / диплом – түп нускасы)

  2. ЖРТ сертификаты (түп нускасы жана көчүрмөсү)

  3. Паспорттун көчүрмөсү

  4. Каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү же аскердик билет (балдар үчүн)

  5. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт (6 даана)

  6. Жалпы окуу акысынан баштапкы 30% төлөм 

Ооба, мүмкүн. Биздин университетке башка университеттерден которулуу үчүн англис тилинин тиешелүү деңгээли талап кылынат. Предметтерди салыштыруу үчүн академиялык маалымкатты (транскрипт) көрсөтүү керек.

Университеттин алдындагы аралыктан окутуу борбору (ДББ) заманбап аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо боюнча толук көлөмдө билим берүү кызматтарын көрсөтөт.

Бакалавриат жана магистратура программаларында “Менеджмент” жана “Педагогика” багыттары сунушталат.

Ооба, бар. Академиялык алмашуу программаларын ишке ашыруу ар бир семестрде жүргүзүлөт. Биздин университет 60тан ашык өнөктөш өлкөлөр менен кызматташат, аларга 100дөн ашык университеттер жана эл аралык уюмдар кирет. Өнөктөштүк келишиминин алкагында студенттик алмашуу программасы менен студент өнөктөш ЖОЖдордун биринде өз багыты боюнча семестр же бир жылдык окууну аяктоо мүмкүнчүлүгүн алат.

Ооба, университетибиз билим берүү тармагында кызматташуу боюнча жалпы европалык программага катышат. Erasmus+ программасынын алкагында биздин университет толук өнөктөш болгон Европанын жогорку окуу жайларында студенттер окуп, окутуучулар тажрыйба алмаша алат. Биздин студенттерибизде бул программанын алкагында билим алууга мыкты мүмкүнчүлүк бар. Бардык чыгымдарды Европа Биримдиги жана кабыл алуучу тарап өз мойнуна алат.

Ооба! АЭУнун айрым факультеттеринин студенттери университетти эки диплом менен аяктай алышат. Студенттер АЭУнун диплому жана төмөнкү эл аралык жети университеттин биринин диплому менен бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:

  • North American University (АКШ, бакалавр);
  • Hof University of Applied Sciences, Германия (Бакалавр)
  • SolBridge International School of Business (Түштүк Корея, бакалавр);
  • Inha University (Түштүк Корея, Бакалавр)
  • Bialystok University (Польша, бакалавр);
  • University of Clermont Auvergne, Франция (Магистратура)
  • West Saxon University of Applied Sciences Zwickau (Германия, магистратура).