Bilateral Student Exchange программасына катышууга арыздарды кабыл алуу
Урматтуу АЭУнун студенттери,
2024-жылдын күзгү семестринин эки тараптуу студенттик алмашуу программасына арыздарды кабыл алуу башталды. Эки тараптуу мобилдүүлүк/алмашуу программасына (өзүн-өзү каржылоо) катышкан студенттер барып келгенине, визага, жашоого байланыштуу чыгымдарын өз алдынча төлөшү керек, бирок кабыл алуучу университетте окуу акысын төлөбөйт.
Тандоо критерийлери:
-
Англис тилинин деңгээли- B2 же андан жогору
-
Толук тапшырылбаган курстардын жоктугу
-
Орточо балл - 70 же андан жогору
-
Биринчи жана акыркы семестрдин студенттери катыша алышпайт
Тапшыруу үчүн керектүү документтер:
-
Студенттик бөлүмдөн расмий транскрипт (А-102)
-
Эл аралык паспорттун көчүрмөсү
-
Сертификат о знании английского языка
-
Студенттердин эки тараптуу мобилдүүлүгү программасына катышуу үчүн онлайн арыз формасы
Студенттердин эки тараптуу мобилдүүлүгү программасына катышуу үчүн онлайн арыз формасы: Application
Керектүү документтер менен онлайн арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 14-февралы саат 17:00гө чейин.
Өнөктөш университеттердин тизмесин караңыз (partner universities) жана кунт коюп окугула сунуштар.