0%
Brand Image
Loading ...

Келечектеги юристтер “Мыкты доо арыз” номинациясына ээ болушту

2024-жылдын 3-февралында KIMEP университетинде Алматыдагы коммерциялык арбитраж оюну боюнча студенттик конкурстун бетме-бет раунддары болуп өттү. 

Бул раунддарда АЭУнун Эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын 4-курсунун студенттери Урматбекова Акбермет, Куатбек кызы Айдай жана Мамыркулова Анара жогорку кесипкөйлүгүн, чечендик жөндөмүн жана юридикалык документтерди талдай билүүсүн көрсөтүү менен “Мыкты доо арыз” номинациясына татыктуу болушту.

Конкурста Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 16 команда иштин фабуласы боюнча процессуалдык документтерди даярдап, айыптоочу жана коргоочу катары чыгып сүйлөштү. 2-5 катышуучудан турган ар бир команда иштин фабуласын кылдат талдап, маанилүү процессуалдык документтерди, анын ичинде доо арызын жана жооп корутундусун иштеп чыгышты.  

Сотту учурдагы арбитрлер жүргүзүштү. Конкурс “ТОО Тукулов и Кассильгов Литигейшин” (TKL) фирмасы тарабынан студенттерге карьералык жолун баштоого жана талаш-тартыштарды иш жүзүндө чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында уюштурду. Бул иш-чарага студенттерибиздин активдүү катышуусу алардын кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болуп, аларга теориялык билимин практика жүзүндө колдонууга, укуктук талаш-тартыштарды чечүү жаатында баалуу тажрыйбага ээ болууга мүмкүндүк берет. 

Студенттерибизди татыктуу жеңиши менен куттуктайбыз жана уюштуруучуларга маанилүү иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.