0%
Brand Image
Loading ...

“AIUBoosting4D: Жасалма интеллектти практикада колдонууну өнүктүрүү” хакатону өткөрүлдү

2024-жылдын 2-март “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) Квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү институту тарабынан жасалма интеллектке негизделген инновациялык чечимдерди чогуу изилдөө жана түзүү үчүн ар кандай тармактардагы кызматкерлерге – окутуучулар, университеттин административдик кызматкерлери жана методисттер менен тажрыйба жана идея алмашуу максатында “AIUBoosting4D: АЭУда жасалма интеллектти практикада колдонууну өнүктүрүү” аталышындагы хакатон болуп өттү. Хакатондо демөөрчү-өнөктөшүбүз RE Partners https://www.re-partners.com/ компаниясы болду.https://www.re-partners.com/).   

Иш-чарага 100дөн ашык кызматкер катталып, 72 кызматкер катышты жана жалпысынан 12 команда иш алып барды. Алгач хакатон катталуу процессинен кийин командаларга бөлүнүү үчүн атайын дизайн ойлом чабуул көнүгүүлөрү жана команда кураманыны ишин кызытуу максатында интерактивдүү оюндар менен башталды. Дизайн ойлом көнүгүүлөрү менен маселелерин так аныктап алган командалар ар башка аудиторияларга бөлүнүп өз иштерин улантышты. 

Иш процессинде ар бир команда түрдүү ыкмалардын жардамы менен маселелерин чечип алуу жолдорун иштеп чыгышты, ошондой эле менторлордун тейлөө кызматы да убагында көрсөтүлүп жатты. Команда менен иштөөдө көптөгөн кызыктуу жаңы идеялар жаралды. Инклюзивдик билим берүү, сөздүк иштеп чыгуу, өз алдынча билим алуу, студенттер – санарип адамдар, студенттерге чыгармачылык студиясын ачуу боюнча да моделдер сунушталды. Командалар калыстар тобуна өздөрүнүн моделдерин сунушташып, идеяларын жакташты. Хакатондун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө өнөктөшүбүз RE Partners компаниясынын акчалай сыйлыктары жана сертификаттар берилди:

1-орун: Жумушка кабыл алууда кандидаттын маалыматтарын жана иш-кагаздарын анализдеп чыгуучу жасалма акыл модели

2-орун: Илимий макала жазуу боюнча окумуштуунун чыныгы салымын жасалма интеллект аркылуу аныктоо модели

3-орун: Ар бир кызматкердин эмоционалдык, физикалык ден соолугун, маанайын көзөмөлдөп, туура тамактануусуна меню түзүп берип туруучу, жеке ассистент катары колдонулуучу жасалма акыл модели ээ болду.

Мындан тышкары башка командаларга кызыктыруучу белектер тапшырылды:

Инновациялык идея – Студенттик бизнес инкубаторлорду колдоодогу АЭУнун негизги көйгөйлөрү.

Натыйжалуу чечим – Көйгөй: Чет өлкөлүк абитуриенттер менен студенттердин адаптациясында колдоонун жетишсиздиги / AI менен колдоо кызматын түзүү / Студенттердин суроолоруна жооп берүүгө жана аларга көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө жөндөмдүү чатботту иштеп чыгуу.

Креативдүү идея – Көйгөй: Кесип тандоо жана АЭУ боюнча ыкчам маалымат алуу.

Бардык катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулаган хакатондо жасалма акылды колдонуу аркылуу университеттин ишин эффективдүү алып барууга салымын кошо ала турган реалдуу сунуштар, моделдер тандалып, долбоор катары иштелип чыгып, ишке киргизүү процесси сунушталууда. Өнөктөшүбүз RE Partners компаниясына, уюштуруучуларга жана бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.