0%
Brand Image
Loading ...

“Ala-Too Hub Battle” – I эл аралык студенттик стартаптардын конкурсу

“Ала-Тоо” Эл аралык университети Accelerate Prosperity менен өнөктөштүктө өткөрүлө турган “Ala-Too Hub Battle” - биринчи эл аралык студенттик стартаптардын сынагына катышууга чакырат.

“Ala-Too Hub Battle” – студенттер үчүн атайын иштелип чыккан эл аралык платформа. Платоформа студенттердин стартаптарын тааныштырууга жана андан ары өнүктүрүү үчүн инвестиция алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн команда мүчөлөрү менен тажрыйба алмашууну жана байланыштарды түзүүнү жеңилдетет.

Конкурска бакалавриат, магистратура же PhD студенттери гана катыша алышат. 

Конкурс 2024-жылдын 17-майында саат 10:00дө “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде өтөт.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 10-май, 2024-жыл. 

Сынак англис тилинде өткөрүлөт.

Жеңүүчүлөр үчүн жалпы инвестициялардын саны – $10 000 чейин.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз:  

https://forms.gle/vFHKeUUyqS2J8m919

Сынакка катышуунун мүмкүнчүлүгүн өткөрбөңүз!