0%
Brand Image
Loading ...

Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинен лекция

2024-жылдын 14-майында АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасы Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирзахидов Хуршид Мирсабирович мырзаны жана кеңешчиси – Розбакиев Бахтиер Сраиловичти кабыл алды. Элчи студенттерге конок лекциясын өткөрүп, иш-чара университеттин академиялык турмушундагы маанилүү окуя болду. 

Аталган иш-чара АЭУнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров жана кафедра башчысы Айкерим Сагынбекованын жетекчилиги астында өткөрүлдү. 

Лекция Өзбекстандын Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларын талкуулоого арналып, эл аралык мамилелерге жана дипломатияга кызыккан студенттерге терең таасир калтырды.

Элчи Мирзохиов Хуршид өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү. Дипломатиялык иштин негизги аспектилерин сүрөттөп, өлкөлөр ортосундагы диалогдун жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Лекциянын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү мисалдары да каралды.

“Биз элчи Мирзахидов Хуршид мырзаны кабыл алганыбызга абдан кубанычтабыз. Студенттерибиз жана жалпы эле академиялык коомчулук үчүн чоң мааниге ээ болгон маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн жогору баалайбыз. Бул иш-чара студенттерибизди академиялык жактан байытып гана тим болбостон, өлкөлөр ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого да өбөлгө түздү” - деп белгиледи проректор Рустам Умаров. — отметил проректор Рустам Умаров.

АЭУ Мирзахидов Хуршид менен Розбакиев Бахтиер мырзага келгени үчүн ыраазычылык билдирет жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да улантууга үмүттөнөт.

Сүрөт отчету: