0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун студенттери “Билги” билим таймашына катышты 

АЭУнун студенттери университеттеги окуудан тышкары республикалык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, окуу жайдын намысын коргоп келишет. Бул ирет АЭУнун “Аманат” командасы (Бекмырза Алышбаев, Бекжан Азаматов, Эламан Токтошев, Адеми Жакшылыкова, Нурдөөлөт Калыбеков) “Билги” республикалык билим таймашына катышып, университеттин намысын коргошту.

“Билги” республикалык таймашы – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана УТРК тарабынан уюштурулган ЖОЖдун студенттери үчүн уюштурулган интеллектуалдык оюн.

Таймаштын 1-турунда АЭУнун “Аманат” тобу чейрек финалга ийгиликтүү өтүп, кыргыз адабиятынан 8 көлөмдүү чыгарма жана 8 кичи эпос боюнча тапшырмаларды аткарышкан. Алардын ичинде “Сынган кылыч”, “Көчмөндөр кагылышы”, “Эр Табылды”, “Эр Төштүк” сыяктуу чыгармалар камтылган. Чейрек финалда “Аманат” курама командасы татыктуу оюн көрсөттү.

Таймаш максаты – университеттердин ортосундагы ынтымакты, карым-катнашты бекемдөө, ошондой эле жаштардын китеп окуу маданиятын жана кыргыз идеолгиясын жайылтуу.