0%
Brand Image
Loading ...

Студенттердин жапон компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу

2024-жылдын 27 сентябрында АЭУнун студенттеринин Sigma Co., Ltd., Ogino Industries Co., Ltd. жана Astas Co., Ltd сыяктуу жапон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу АЭУнун Инженерия жана информатика факультетинин жана JICAнын кызматташуусунун алкагында өткөрүлдү. Аталган компаниялардын президенттери өз уюмдарынын ишмердүүлүгү жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле жолугушууга Кыргыз-Жапон борборунун бизнес-бөлүмүнүн директору Танака Шинья (Кыргызстан) жана JICA долбоорунун кызматкери Эшенкулова Барчын катышты. Компаниялардын өкүлдөрү студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып, негизги талаптардын бири болгон жапон тилин сүйлөшүү деңгээлинде билүү, ошондой эле JICAнын конкурстук тандоосунан ийгиликтүү өтүү экендигин белгилешти. АЭУ конокторго келгени жана баалуу маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: