0%
Brand Image
Loading ...

“Brain Ring” интеллектуалдык оюну

2024-жылдын 11-октябрында АЭУнун финансылык клубу жыл сайын өткөрүлүүчү “Brain Ring” интеллектуалдык викторинасын уюштурду.

Айназик Матаипова, финансылык клубдун президенти:

“Brain Ring сынчыл жана логикалык ой жүгүртүүнү жакшыртууга жардам берет. Бул викторинанын уникалдуулугу – катышуучулар каалаган гаджеттерди – телефон, ноутбук, ЖИ колдоно алышат, ошондой эле досторуна же окутуучуларына чала алышат. Оюн төрт этаптан турат: биринчи экөө – жөнөкөй, ал эми акыркы экөө – татаал. 

Оюнга 16га жакын команда катышып, алардын ар бири төрт кишиден турат. Катышуучулардын арасында биздин окуу жайдын жана колледждин студенттери гана эмес, башка окуу жайлардын өкүлдөрү да болду. Командаларда кандайдыр-бир суроолор жаралса, кураторлорунан жардам сурай алышат”.

Катышуучулардын айтымында, оюн жогорку деңгээлде өтүп, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган стандарттуу эмес суроолор камтылган. Гаджеттерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан, татаал суроолор берилди. Негизги викторинадан тышкары, көңүл ачуучу программалар уюштурулуп, жаңы таанышуулар үчүн мыкты шарттар түзүлдү.

“Brain Ring” интеллектуалдык викторинасында төмөнкү командалар жеңүүчү болду:

1-орун – “Tiltproof”

2-орун – “Пчелки” 

3-орун – “Quattro Spectrum”

Мыкты иш чара үчүн уюштуруучуларга жана бардык командаларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Сүрөт отчету: