0%
Brand Image
Loading ...

КРнын командасы BRICS Олимпиадасында 3-орунда

Кыргызстандын командасы – Кадырмамат Момунов жана Елнур Нурмуханов BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 конкурсунун бөлүштүрүлгөн форматында “Киберкоопсуздук” компетенциясы боюнча 3-орунду ээледи. Кадырмамат Момунов – АЭУнун IT факультетинин 3-курсунун студенти, учурда Германияда кош диплом программасынын алкагында билим алып жатат. 

Кадырмамат Момунов: Менин катышуумдун негизги себеби практикалык көндүмдөрүмдү тастыктаган документти алуу болгон. 

“Биздин команда Кыргызстандын атынан чыкты, бирок менин шеригим Казакстандан болчу. Елнур Кыргызстандын атынан чыкканга макул болуп, мындай масштабдуу иш-чарага биринчи жолу катышканына карабастан мелдешке тез көнүп кетти. Тапшырмалардын көбүн мен аткардым, бирок анын колдоосу абдан пайдалуу болуп, биргеликте жакшы натыйжаларга жетише алдык.

Сынак төрт модулдан турду:

  • Модуль А: сценарий боюнча коопсуз тармакты түзүү. Тилекке каршы, техникалык кыйынчылыктардан улам биз бул модулга катыша алган жокпуз.
  • Модуль B: Jeopardy форматындагы CTF. Бул модулда эң көп упай топтой алдык.
  • Модуль С: виртуалдык серверге кол салуу. Анда биз тапшырмаларды аткарып жатып упай топтодук.
  • Модуль D: чабуулчунун чабуулун иликтөө, чабуулда колдонулган ыкмаларды жана куралдарды талдоо. Биз биринчи жолу анализ куралдарын сынап көрдүк жана көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонууну үйрөндүк.

Бул чемпионатка катышуу биз үчүн баа жеткис тажрыйба болду жана келечекте бизге пайда алып келет деп ишенем. Мелдештин жыйынтыгында биз үчүнчү орунду ээлеп, ар бирибиз Киберкоопсуздук боюнча компетенциябызды тастыктаган расмий Skills Passport алдык. Ошондой эле, мен үчүнчү орун үчүн диплом алдым, бул биздин BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 катышуубуздун жагымдуу жыйынтыгы болду”.

BRICS Future Skills & Tech Challenge 2024 эл аралык чемпионат 30дан ашык өлкөдөн катышуучуларды чогултту. Иш-чаралар Орусиянын жана башка БРИКС+ өлкөлөрүнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймактарындагы алдыңкы өнөр жай компетенттүүлүк борборлорунда жана өндүрүш аянтчаларында бетме-бет жана бөлүштүрүлгөн форматта өттү. Чемпионатка 1000ден ашык адам 20дан ашык компетенциялар боюнча катышты. Бардык катышуучулар өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн тастыктаган адистештирилген Skills Passport алышты. Биздин команданы байгеси менен куттуктайбыз!