АЭУнун Даярдоо курсунун окутуучусу, ошондой эле Филология магистрдик программасынын студенти Мукадам Абдулазизова “Улут үмүтү” эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү болду. Анын илимий эмгеги рецензенттер тарабынан жогору бааланып, сынактын редакциялык кеңеши тарабынан жактырылган.
Сынакка КМШ өлкөлөрүнөн 1000ден ашуун жаш изилдөөчүлөр катышып, алардын ичинен 250 катышуучу абсолюттук жеңүүчү наамын алышты. Иш-чара Өзбекстандагы “Жаштар айынын” бир бөлүгү болуп, анын алкагында жаштар арасында патриоттук баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган ар кандай сынактар, маданий-агартуу иш-чаралары жана жолугушуулар өткөрүлөт.
Мындай сынактар жаш илимпоздорго өсүү жана кесиптик өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мукадамды бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!