Бул семестрда АЭУ өзүнүн жана башка окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары жана өнүгүүнү каалаган бардык каалоочулар үчүн кечки оффлайн курстарды ишке киргизүүдө.
Ala-Too Academy курстары – бул “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында түзүлгөн билим берүү программалары. Ал жерде тажрыйбалуу окутуучулар жана студент-ассистенттер заманбап билимдер жана көндүмдөр менен бөлүшөт.
Сизди заманбап окутуу методикалары, кесипкөй адистер менен практикалык иштер, ошондой эле кесиптик карьераңызда пайдалуу боло турган билимдер күтөт.
Ala-Too Academy курстары төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Программалоо (Java, Web Programming)
- Графикалык дизайн (Adobe Photoshop, Adobe Illustrator)
- Minecraft аркылуу англис тили жана башкалар
Сабактар оффлайн форматта АЭУнун аймагында саат 16:30дан кийин өткөрүлөт. Курстун узактыгы – 36 академиялык сааттан башталат. Биринчи тайпага катталгандарга 10% жеңилдик берилет.
Суроолор жана катталуу үчүн: https://alatoo.academy/ru/home-3/
Сиздин келечегиңиз ушул жерден башталат!