0%
Brand Image
Loading ...

Bilateral Student Exchange программасына катышууга арыздарды кабыл алуу

Bilateral Student Exchange программасына катышууга арыздарды кабыл алуу

Урматтуу АЭУнун студенттери, 

2024-жылдын күзгү семестринин эки тараптуу студенттик алмашуу программасына арыздарды кабыл алуу башталды. Эки тараптуу мобилдүүлүк/алмашуу программасына (өзүн-өзү каржылоо) катышкан студенттер барып келгенине, визага, жашоого байланыштуу чыгымдарын өз алдынча төлөшү керек, бирок кабыл алуучу университетте окуу акысын төлөбөйт.

Тандоо критерийлери:
  • Англис тилинин деңгээли- B2 же андан жогору
  • Толук тапшырылбаган курстардын жоктугу
  • Орточо балл - 70 же андан жогору
  • Биринчи жана акыркы семестрдин студенттери катыша алышпайт
 
Тапшыруу үчүн керектүү документтер:
  • Студенттик бөлүмдөн расмий транскрипт (А-102)
  • Эл аралык паспорттун көчүрмөсү
  • Сертификат о знании английского языка  
  • Студенттердин эки тараптуу мобилдүүлүгү программасына катышуу үчүн онлайн арыз формасы
 

Студенттердин эки тараптуу мобилдүүлүгү программасына катышуу үчүн онлайн арыз формасы: Application

Керектүү документтер менен онлайн арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 14-февралы саат 17:00гө чейин.

Өнөктөш университеттердин тизмесин караңыз (partner universitiesжана кунт коюп окугула сунуштар.