0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун студенттери Jessup Moot Court 2024 “Мыкты меморандум” номинациясын жеңип, АКШга чакыруу алышты

Бүгүнкү күндө жаштар эл аралык конкурстарга жана долбоорлорго катышуу менен өздөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик жактан өсүүгө активдүү умтулууда. Эл аралык сынактарга катышуу карьера жолун калыптандыруунун негизги элементи болуп, жаңы билимге, тажрыйбага жана мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Эл аралык жана бизнес укук кафедрасынын 3-курсунун студенттери Филипп К. Джессоп атындагы Jessup Moot Court Competition 2024 эл аралык укук боюнча оюн сот процесстеринин студенттик конкурсунда “Best Combined Memorial” (Мыкты меморандум) номинациясын жеңип алышты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук раунддары Казакстандын КИМЭП Университетинде болуп өттү.  

Бул сынакка 100 өлкөнүн жана юрисдикциялардын юридикалык окуу жайларынын 700дөн ашык өкүлдөрү катышат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 11 команданын ичинен АЭУнун командасы (Нурайым Доолотбекова, Элина Асекова, Айдай Жоошбекова, Айжан Мухтар кызы жана Айдай Рысбекова) эл аралык укуктун татаал аспектилерин үйрөнүүдө жогорку кесипкөйлүгүн, чечендик жөндөмүн жана юридикалык документтерди талдай билгендигин көрсөтүштү. Ошондой эле маанилүү процесстик документтерди, анын ичинде доо арызын жана жооп корутундусун иштеп чыгып, юридикалык аспектилерди терең түшүнүүнү жана чечендик өнөрлөрүн көрсөтүштү. Катышуучулардын айтымында, АЭУ сынакта натыйжалуу иштөө үчүн керектүү шарттарды жана ресурстарды берүү менен аларды даярдоодо негизги ролду ойногон:

Конкурстагы ийгилигибиз – командалык ишибиздин жана берилгендигибиздин натыйжасы. 

Jessup Moot Court Competition 2024 катышуу бизге аналитикалык жана чечендик жөндөмүбүздү бекемдеп, эл аралык коомдук укукта баалуу тажрыйба берди. Jessup Moot Court’ко катышуу татаал процесс жана жакшы натыйжаларга жетүү үчүн команда эки эсе көп иштеши керек. Сентябрь айынан баштап ар кандай кейстерди талкуулап, стратегия түзүп даярдандык. Негизги көйгөй – убакыттын жетишсиздиги болду, анткени эл аралык мыйзамдарды изилдөөгө жана аргументтерди түзүүгө олуттуу мамиле кылдык. Жакшы даярдануу үчүн университетте кечки убакытка чейин калганга туура келди.  Ар кандай булактарды изилдеп, талаш-тартыштын эки тарабы үчүн аргументтүү меморандумдарды иштеп чыктык. Укуктук билимге ээ болуу жана аны туура колдонууну билүү биз үчүн маанилүү экенин билебиз, ошондой эле даярданууга кеткен убакыт биздин билимибизге жана жөндөмүбүзгө инвестиция деп айта алабыз. Конкурстагы ийгилигибиз – командалык ишибиздин жана берилгендигибиздин натыйжасы. Биздин тренерлерибиздин жана окутуучуларыбыздын экспертизасы, билими жана жетекчилиги даярдоо процессинде баа жеткис болду. Алардын жардамы, айрыкча, оозеки сүйлөөбүздү активдүү өркүндөтүп жатканда абдан маанилүү болду. Англис тилинде эл аралык багыттагы юридикалык билим берүү менен АЭУ биз үчүн ири эл аралык долбоорлор дүйнөсүнө эшик ачты. Ийгилигибизге жана берилгендигибизге кошкон салымы үчүн тренерлерибизге жана окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Ар кандай булактарды изилдеп, талаш-тартыштын эки тарабы үчүн аргументтүү меморандумдарды иштеп чыктык. Укуктук билимге ээ болуу жана аны туура колдонууну билүү биз үчүн маанилүү экенин билебиз, ошондой эле даярданууга кеткен убакыт биздин билимибизге жана жөндөмүбүзгө инвестиция деп айта алабыз. Конкурстагы ийгилигибиз – командалык ишибиздин жана берилгендигибиздин натыйжасы. 

Биздин тренерлерибиздин жана окутуучуларыбыздын экспертизасы, билими жана жетекчилиги даярдоо процессинде баа жеткис болду. Алардын жардамы, айрыкча, оозеки сүйлөөбүздү активдүү өркүндөтүп жатканда абдан маанилүү болду. Англис тилинде эл аралык багыттагы юридикалык билим берүү менен АЭУ биз үчүн ири эл аралык долбоорлор дүйнөсүнө эшик ачты. Ийгилигибизге жана берилгендигибизге кошкон салымы үчүн тренерлерибизге жана окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

АЭУ командасынын тренерлери Азамат Сулейманов менен Бедии Гуржандын айтымында, алар үчүн эң татаал милдеттердин бири беш түрдүү адамдан турган бирдиктүү команда түзүү болгон, анткени бул кесиптик билимди гана эмес, адамдын психологиясын терең түшүнүүнү, жалпы тил табууну жана жалпы максатка дем берүүнү талап кылат.

Студенттеринин ийгиликтери менен бөлүшүп, тренерлер масштабдуу сынакка даярдануу процесси тууралуу айтып беришти:

Окуу жылынын башында Moot Court 2023 катышуучусу Аяна Орозбаева менен биргеликте каалоосуна жана даярдыгына өзгөчө көңүл буруу менен командага студенттерди тандап баштадык. Студенттердин убактысы олуттуу көйгөй болду, анткени Moot Court’ко катышуу убакытты гана эмес, эл аралык укуктун актуалдуу маселелерин өз алдынча изилдөөнү талап кылат. Бул кыйынчылыктарга карабастан студенттерибиз мыкты доогердин меморандуму жана мыкты жоопкердин меморандуму үчүн биринчи орунду ээлешип, жазуу жүзүндөгү аргументтердеги чеберчилигинин далилдешти. Казакстандагы мыкты натыйжа көрсөткөнү үчүн студенттер 2024-жылдын 30-мартынан 7-апрелине чейин АКШнын Вашингтон шаарында өтө турган Jessup 2024 эл аралык раунддарына катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Moot Court машыктыруучусу болуу – бул татаалдыкты жана кубанычты айкалыштырган уникалдуу тажрыйба. Кубаныч студенттердин өзүнө болгон ишеними, талдоо жөндөмү жана, албетте, мелдештердеги ийгиликтерин көргөндө пайда болот. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз жана ар бир катышуучуга кошкон салымы, туруктуулугу жана өсүү каалоосу үчүн ыраазыбыз. Юриспруденция кафедрасына жана деканатка өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Келечектеги чакырыктарды жана эл аралык аренада өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн чыдамсыздык менен күтөбүз. 

Moot Court машыктыруучусу болуу – бул татаалдыкты жана кубанычты айкалыштырган уникалдуу тажрыйба. Кубаныч студенттердин өзүнө болгон ишеними, талдоо жөндөмү жана, албетте, мелдештердеги ийгиликтерин көргөндө пайда болот. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз жана ар бир катышуучуга кошкон салымы, туруктуулугу жана өсүү каалоосу үчүн ыраазыбыз. Юриспруденция кафедрасына жана деканатка өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Келечектеги чакырыктарды жана эл аралык аренада өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн чыдамсыздык менен күтөбүз.

Сынак  International Law Students Association тарабынан студенттерге эл аралык укукту колдонуу жана сактоо боюнча практикалык тажрыйбаны камсыз кылуу максатында уюштурулган. Бул иш-чарага студенттердин активдүү катышуусу алардын кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болуп саналат, ошондой эле теориялык билимин практикада колдонууга жана укуктук талаш-тартыштарды чечүү жаатында баалуу тажрыйбага ээ болууга мүмкүндүк берет.