0%
Brand Image
Loading ...

Получи диплом Америки, Германии, Франции или Кореи, обучаясь в МУА

Жарандардын билимге умтулуусу – коомдогу интеллектуалдык капиталды сактоо жана көбөйтүү үчүн маанилүү ресурс. Кыргызстандын жаштары ар кандай программаларга катышуу менен Батыштын жогорку окуу жайларында жогорку билим алууга умтулушат, ал эми чет өлкөлөрдө окугандардын саны жыл сайын өсүүдө. Абитуриенттер кош дипломдуу программаларды сунуш кылган жогорку окуу жайларын тандай башташты, анткени бул кошумча убакытты текке кетирбестен, эки мамлекетте бакалавр же магистр даражасын алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Мындай жогорку окуу жайлардын катарына бир нече өлкөнүн кош диплом программалары бар “Ала-Тоо” Эл аралык университети кирет. 

АЭУ кош диплом программасы боюнча Түндүк Америка, Түштүк Корея, Германия, Польша жана Франциянын университеттери менен тыгыз кызматташат. Аталган программаларга катышуу менен студенттер жаңы маданий жана билим берүү чөйрөсүнө чөмүлүү, бир эле окуу мезгилинде эки диплом, өз өлкөсүндө жана чет өлкөлөрдө жумушка орношуу үчүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк сыяктуу артыкчылыктарга ээ болушат. АЭУда окутуу англис тилинде жүргүзүлгөндүктөн, университет өзүнүн тарбиялануучуларын дүйнө жүзүндөгү англис тилдүү ЖОЖдордо окууга даярдайт. Белгилей кетүүчү нерсе, мындай мүмкүнчүлүк 1-2-курстарда жогорку академиялык жетишкендиктерге ээ болгон айрым факультеттердин студенттрине гана берилет. Кылдат тандоодон өткөндөн кийин, студент кош диплом программасына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Төмөндө жети өлкөнүн университеттеринин тизмеси берилген:

North American University, Түндүк Америка (Бакалавр)

North American University – АКШнын Хьюстон шаарындагы жеке менчик окуу жайы. 2+2 кош диплом программасына жогорку академиялык көрсөткүчтөрго ээ болгон менеджмент жана педагогика багытындагы студенттер катыша алышат. 2+2 – студент алгачкы эки жылда АЭУда, калган эки жылы North American Universityде окуйт дегенди түшундүрөт. Университет окутуунун мыктылыгын жана студенттерге багыт алууну көздөп, глобалдык маданий компетенттүүлүктү, жеке өсүүнү жана жоопкерчиликтүү жарандыкты жайылтуучу чөйрөнү түзүүнү макса кылат.

Solbridge International School of Business, Woosong University, Туштүк Корея (Бакалавр)

АЭУ Woosong Universityнин курамына кирген эл аралык окуу жайы - Solbridge International School of Business менен келишим түзгөн. Бул. 3+1 программасына менеджмент, экономика, каржы жана эл аралык бизнес чөйрөсүндөгү студенттер катыша алышат. Solbridge International School of Business АЭУнун студенттерине окуу үчүн арзандатууларды бере алат.

Inha University, Түштүк Корея (Бакалавр)

АЭУнун 2+2 программасы боюнча дагы бир өнөктөш жогорку окуу жайы – Inha University. Менеджмент, экономика жана IТ студенттери аталган программанын катышуучусу болуп, эки окуу жылын Түштүк Кореяда өткөрө алышат. 

Hof University of Applied Sciences, Германия (Бакалавр)

Хоф Колдонмо илимдер университети информатика жана эсептөө техникасы тармактары боюнча студенттерди кабыл алып, алар Германияда 2+2 программасы боюнча окуй алышат. Ошондой эле, АЭУнун IT тармагын окуган бүтүрүүчүлөрү стажировкадан өтө алышат.

Bialystok University, Польша (Бакалавр)

АЭУ программист студенттерге Польшада эки жыл окууга мүмкүнчүлүк берген Bialystok University менен кызматташат. 

University of Applied Sciences of Zwickau, Германия (Магистратура)

Германиядагы Цвиккау колдонмо илимдер университети АЭУнун студенттерине Менеджмент багыты боюнча кош дипломдук магистрдик программасын сунуштайт. Бул университет уникалдуу изилдөө долбоорлорду жүргүзүү, ырааттуу структурадагы окуу программалары, көптөгөн ишканалар менен тыгыз мамилелер түзүлгөндүгү менен айырмаланат. Жыл сайын Германияда окуу үчүн 50 өлкөдөн 1000ден кем эмес чет элдик студенттер келет.

University of Clermont Auvergne, Франция (Магистратура)

Клермон-Овернь университети АЭУнун студенттерине “Өнүгүү экономикасы” адистиги боюнча кош диплом Erasmus+ магистрдик программасын сунуштайт. Студент Францияда бир жыл бою Erasmus+ программасынын стипендиясы менен окууга жана Францияда экономикалык өнүгүү жаатында жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алат. Программага менеджмент, экономика, эл аралык мамилелер жана колдонмо математика сыяктуу багыттар боюнча 1-курста жогорку академиялык жетишкендиктерди көрсөткөн студенттер катыша алышат.

Кош дипломдук программага ийгиликтүү катышуу – дүйнөлүк билим берүү стандарттарына ылайык ар тараптуу даярдыктын, кесиптик чөйрөдө таанылуунун жана потенциалдуу иш берүүчүлөрдүн арасында жогорку деңгээлдеги ишенимдин далили. Жыл сайын мындай программалар студенттерге билим көлөмүн кеңейтүү жана аларды колдонуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Талаптар:

  • АЭУнун студенти болуу
  • Бакалаврдын жалпы орточо баллы - 75 (100дөн) же 2,7 (4төн)
  • Англис тилин билүү деңгээли - В2 (Upper-intermediate) же TOEFL 95 упай же IELTS 7 упай.