0%
Brand Image
Loading ...

Ак халат кийүү аземи

2024-жылдын 5-мартында АЭУнун Медицина факультетинин 2023-жылынын жаңы студенттери үчүн салттуу ак халат кийүү аземи болуп өттү.

Иш-чара АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталды. Dance Clubтын таланттуу бийчилери маданий ар түрдүүлүктү көрсөтүп, бий номерлери менен жагымдуу маанай тартуулашса, Music Club аудиторияны музыкалык номерлер менен кубандырды. Мындан тышкары программа рубаб жана гитара сыяктуу музыкалык аспаптарда ойноо менен уланды. Ошондой эле кызыктуу сынактар өткөрүлүп, катышуучулар байгелерге ээ болушту. Иш-чарада студенттер Пакистан жана Индия өлкөлөрүнүнүн маданий мурасын чагылдырган ыр-бийлерди тартуулашты. 

Студенттик Кеңештин мүчөлөрү атайын даядалган видеоматериал көрсөтүштү. Медицина факультетинин деканы Кудайберген Осмоналиев студенттерге келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, куттуктоо сөзүн айтты.

Медицина факультетинин студенттерин куттуктайбыз жана кесипкөйлүк менен бүткүл адамзатка кызмат кыласыз деп ишенебиз.

Сүрөт отчету: