0%
Brand Image
Loading ...

Профессор Марселло Тонелли менен воркшоп

2024-жылдын 6-мартында АЭУнун Журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулган профессор Марселло Тонелли менен биргеликте воркшоп өткөрүлдү. Профессор Тонелли стратегиялык чечимдерди кабыл алуу боюнча PhD даражага ээ болгон туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык деңгээлдеги белгилүү автор жана окутуучу. 

Воркшоп “The mere existence of the arms industry is our worst environmental crime” темасына арналып, спикер студенттердин көңүлүн бул маселенин ар кандай аспектилерине бурду. Алар өндүрүштүн жаратылыш ресурстарына жана экосистемага тийгизген ар кандай таасирлерин талкуулап, алардын ортосундагы байланышты аныкташты. Студенттер бул көйгөйдү жаңы өңүттөн карап, мүмкүн болгон чечүү жолдорун талкуулашты. Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар командаларда иштешти. 

Профессор Марселло Тоннелиге кызыктуу воркшоп үчүн, ошондой эле уюштуруучуларга жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.