0%
Brand Image
Loading ...

“Улутубуздун уңгулуу нарктары” китебинин бет ачары өттү

2024-жылдын 6-мартында АЭУда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин “Улутубуздун уңгулуу нарктары” аттуу китебинин бет ачары өтүп, ага окутуучулар жана студенттер катышты.

Катышуучулар Советбек Байгазиевге суроолорун узатып, нарк жөнүндө да жакшы сөз болду. Ошондой эле аталган китеп боюнча студенттер арасында китеп окуу сынагы жарыяланган. Жеңүүчүлөрдү куттуктап, аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Советбек Байгазиев жакында чыккан “Манас” эпосу боюнча 8 китебин унверситеттин китепканасына тапшырды. Окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору, профессор Салидин Калдыбаев Советбек Байгазиевге ыраазычылыгын билдирип, атайын белек тапшырып, бет ачар эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады. Аталган иш-чараны Ж. Каниметов атындагы илимий китепкана жана “Кыргыз тилин үйрөнүү” бөлүмү уюштурду.

Китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү студенттер болду:

1-орун: Алберто Акенбаев (5000 сом)

2-орун: Бекмырза Алышбаев (4000 сом)

3-орун: Нурдөөлөт Калыбеков (3000 сом)

Иш-чаранын уюштуруучуларына жана келген конокторго терең ыраазычылык билдиребиз.