0%
Brand Image
Loading ...

АЭУ жана Daffodil International University ортосундагы стратегиялык келишимдер жана өнөктөштүк

2024-жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин АЭУнун делегациясы – ректор Жылдызбек Жакшылыков, Инженерия жана информатика факультетинин деканы Руслан Исаев, Инновациялык өнүктүрүү жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров жана Менеджмент кафедрасынын башчысы Турдукан Бекимбетова Бангладештеги Daffodil International University (DIU) барып келишти. Бул иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы академиялык байланышты чыңдоодо маанилүү кадам болду. 

Мындан тышкары, АЭУ онлайн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Эл аралык онлайн университети менен өнөктөштүк түздү. Бул өнөктөштүк дипломдук программаларды, сертификаттарды жана биргелешкен демилгелерди сунуш кылат. Ошондой эле, АЭУ Admission.ac менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Аталган өнөктөштүк Бангладештик студенттерге жогорку билим берүү, стипендия жана АЭУга тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Иш сапарынын жүрүшүндө АЭУнун делегациясы DIUнун негиздөөчүсү жана төрагасы Сабур Хан баштаган жетекчилик менен жолугушту. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө университеттер ортосундагы кызматташуунун потенциалдуу багыттары талкууланды, тактап айтканда, тараптар ишкердикти өнүктүрүү, биргелешкен изилдөө жана PhD программаларын, студенттер менен алмашуу программаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Биргелешкен ишкердик институтун түзүү демилгелерин талкуулашты. Конструктивдүү диалогдор университеттердин ортосундагы келечектеги кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн негизин бекемдегенге түрткү берди.

Ошондой эле АЭУнун өкүлдөрү кызматташуунун потенциалдуу багыттары жөнүндө жемиштүү талкууларга активдүү катышып, Knowledge Value Incubation Centre барышты. Ишкердиктин экосистемасын өнүктүрүү, каржылоо механизмдери, заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду. 

АЭУ Daffodil International University’ге жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирет, ошондой эле келечектеги кызматташтык өз ара пайдалуу болот деп ишенет!