0%
Brand Image
Loading ...

English Week салттуу иш-чарасы 

Жыл сайын АЭУнун даярдоо курсунун студенттери үчүн англис тилин жайылтуу максатында English Week салттуу чыгармачыл иш-чарасы өткөрүлөт. 

2024-жылдын 1-мартынан 6-мартына чейин A2 жана А1 группаларынын ортосунда көптөн күткөн English Week иш-чарасы болуп өттү. Анын алкагында студенттер өздөрүн сахнада алып жүрүү жана презентация кылуу, ыр-бий көрсөтүү, ошондой эле викториналарга активдүү катышуу сыяктуу жөндөмдөрүн жана таланттарын көрсөтүштү. Бардык катышуучулар иш-чарага креативдүүлүк менен мамиле жасап, анда даярдыгын, сахнада өзүн алып жүрүү жана тил жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Уюштуруучуларга жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.