0%
Brand Image
Loading ...

Эл аралык айымдар күнүнө карата иш-чара

8-март – өзгөчө жөндөмдөрү менен дүйнөнү шыктандырып, колдоп жана өзгөртүп жашоонун ар кандай чөйрөсүнө теңдешсиз салымын кошкон айымдардын майрамы.

2024-жылдын 7-мартында АЭУда 8-март – Эл аралык айымдардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Программа окуу жайдын гимни жана ректор Жылдызбек Жакшылыковдун куттуктоо сөзү менен башталды. Андан соң “Кайбар” аспаптык ансамбли, ошондой эле “Агама Dance” жана “Vida” бий топтору өз таланттарын тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер бий жана музыкалык номерлери менен көрүүчүлөрдү кубандырып, коноктор караоке жана ар кандай конкурстарга катышып, байгелерди утуп алышты. Кыргыз эстрадасынын өкүлү Азат Раимбердиевдин жалпы айымдарды майрамы менен куттуктап, жагымдуу маанай тартуулады. Уюштуруучуларга өзгөчө куттуктоо үчүн ыраазычылык билдиребиз.