0%
Brand Image
Loading ...

АЭУда Brands Battle 2024 өткөрүлдү

Университет тарабынан жаштар үчүн интеллектуалдык сынактарды өткөрүү ар дайым маанилүү болуп келет, себеби мындай иш-чаралар жаштардын сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өстүрөт. 

Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 9-мартында АЭУда Management Club тарабынан уюштурулган көптөн күткөн Brands Battle 2024 иш-чарасы болуп өттү. Жергиликтүү бренддерди билүү боюнча бул уникалдуу сынак 35ке жакын алдынкы компанияларды чогултуп, алардын ичинен Maxi чай, Dodo Pizza, Asia, Салих, Барбол, Konti Pastry, Пир, РСК банк жана башкалар болду. Brands Battle 2024 студенттерге жана мектеп окуучуларына беогилүү жергиликтүү бренддер жөнүндө билимин сыноого жана компаниялар жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк берди. 

Иш-чара 1300 катышуучунун көңүлүн буруп, кызыктуу сынактарга жана викториналарга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алууга түрткү берди. Сынак ийгиликтүү өтүп, кызыктуу учурлар менен коштолду. Компаниялардын өкүлдөрүнө, студенттерге жана конокторго активдүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле уюштуруучуларга кызыктуу иш-чара үчүн ыраазычылык билдиребиз.