0%
Brand Image
Loading ...

Эл аралык кызматташтык: Мария Лукастын АЭУдагы окуу тажрыйбасы

АЭУ студенттердин эл аралык алмашуусуна жана кош диплом программаларын өнүктүрүүгө активдүү катышат. Бул кызматташтыктын алкагында учурда Франциядан келген “Экономикалык өнүгүү” кош дипломдуу магистрдик программасынын студенти Мария Лукас биздин университетте билим алууда. 23 жаштагы студент кыздын айтымында, ал программа тууралуу Франциядагы жолугушуу учурунда билген. АЭУда бир семестрде окуп жатып, Мария университет жана бүтүндөй өлкө жөнүндө өз таасирлери менен бөлүштү:

Бул жакта студент болгондон тышкары окутуучунун жардамчысымын. Франциядагы жолугушууда Клермон-Овернь жана АЭУ университеттеринин кызматташтыгы жөнүндө билдим. Бул мен үчүн жаңы маданият жана өлкө менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк болоруна ишенип, Кыргызстанды тандадым. Учурда магистрдик диссертация жазууну талап кылган илимий стажировкадан өтүп жатам.

Мен Кыргызстанга биринчи жолу келишим, мага абдан жакты. Бишкектин айланасындагы кооз пейзаждар, бийик тоолор жана жергиликтүү тургундар жаңы таанышууларга абдан кызыгышат экен. Жергиликтүү ашкана да ар түрдүүлүгү жана даамы менен мени таң калтырды.

АЭУга жаңы келгенимде мени жылуу тосуп алышып, административдик процедураларга жардам беришти. Ала-Тоо эл аралык атмосферага бай жана дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөр менен кызматташканы студенттерге абдан жакшы мүмкүнчүлүк берет экен.

Кыргызстанда окуусун аяктаган соң студентибиз экономикалык өнүгүү жаатында Ph.D. даражасын алууга ниеттенүүдө. Мария Лукаска жемиштүү окууну, ошондой эле илимий жана кесиптик иштеринде ийгиликтерди каалайбыз!