0%
Brand Image
Loading ...

Наталья Маяцкая – АЭУнун кош диплом программасынын алкагында эки диплом алган алгачкы студент

АЭУ студенттерге билим берүү жана карьера мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө эки өлкөнүн эки дипломун алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берген кош диплом программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. 

Жакында университетте тарыхый окуя болду – АЭУнун Computer Science факультетинин бүтүрүүчүсү Наталья Маяцкая кош диплом программасына катышып, бакалавриатта окуу мезгилинде эки дипломдун ээси болду. Ал АЭУда эки жыл, Германиядагы Хоф колдонмо илимдер университетинде эки жыл окуган. Наталья мыкты натыйжалар менен кайтып келип, кубанычтуу таасирлери менен бөлүштү:

Мен Германиянын университетинде англис тилинде акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген кош дипломдук программанын катышуучусу болдум. Бул программанын аркасында мен өзүмдүн тил жана башка көндүмдөрдү өнүктүрдүм жана Ала-Тоо Европалык ЖОЖдордун деңгээлинде турганына ынандым. Мен университетиме окуп гана тим болбостон, чет өлкөдө иштеп, жашоого мүмкүнчүлүк бергенине терең ыраазычылык билдиргим келет. АЭУ болбосо, мен мындай кең дүйнө менен тааныша алмак эмесмин. Менин факультетиме жана окутуучуларыма ар дайым мотивация, колдоо жана менин жөндөмүмө ишенгендиги үчүн өзгөчө рахмат айткым келет. Алар мага ар дайым сенин колуңдан келет деп ишеним көрсөтүшчү, жыйынтыгында баары ишке ашты!

Наталья Маяцкая

Бүтүрүүчүбүздү кош диплом программасынын алкагында эки диплом алышы менен куттуктайбыз. Анын тырышчаактыгы, өжөрлүгү жана окууга берилгендиги баарыбызды жаңы бийиктиктерге шыктандырат!