0%
Brand Image
Loading ...

Студенттердин чыгармачыл идеяларынын презентациясы

2024-жылдын 14-мартында Менеджмент кафедрасында биринчи курстун студенттеринин креативдүү идеяларынын презентациясы өтүп, анда “Space Nomad”, “KAIZEN Planning Set”, “TalEx” жана башка долбоорлор сунушталды. 

Студенттер бул долбоорлорду бир айдын ичинде даярдап, жыйынтыктарын аудитория менен бөлүшүштү. Долбоорлор пайдалуу продукт, кызмат же оюн түзүү максатында колдонууга киргизүү үчүн түзүлүп, куратор Чонов Рустамдын жетекчилиги астында аткарылды. Идеялардын ар бири кызыктуу болуп, командалар калыстар тобунун мүчөлөрүн кайдыгер калтырбаган уникалдуу долбоорлорду сунушташты.

Калыстар тобу коом үчүн креативдүү болгон 3 топту аныкташты: 

1-группа – Студенттер үчүн стол оюну “Rocky road to Microsoft” (Телеушева Айдана, Айткулова Саадат, Бейшеналиева Нестан)

2-группа – Стол оюну “Setup” (Аселя Имамидинова, Диана Абдумаликова, Султанали кызы Элизат) 

3-группа – “Hidden memories” сүрөттөрдүн лабораториясы (Малика Умирова, Нурдана Исмаилова, Насыят Сабирова)