0%
Brand Image
Loading ...

Чынгыз Айтматов жана театр дүйнөсү

2024-жылдын 14-мартында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде “Учур” жаштар театры АЭУнун бакалавр программасынын 2-курсунун студенттерине “Бетме-бет” драмасын коюшту.

Аталган повестти студенттер бул окуу жылдын экинчи жарымында толук окуп чыгышкандыктан сахнада коюлган эпизоддор студенттерге түшүнүктүү болду. Айрыкча, “Учур” жаштар театрынын таланттуу актер, актрисалары тарабынан аткарылган ролдор студенттерге таасир калтырды. Театрдын жетекчиси Шаршенбек Шейшеновдун айтуусунда драма Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата даярдалып, театр коллективи чыгармачылык менен оюнду коюууга даярданышкан. Драманын соңунда студенттер жана окутуучулар театрдын мыкты коллективине ыраазылык билдиришти.