0%
Brand Image
Loading ...

Колледждин студенттери арасында конкурс өткөрүлдү

2024-жылдын 15-мартында IT & Business колледжинин студенттеринин арасында “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу конкурстук иш-чара болуп өттү. Иш-чарада студенттер беш конкурсттук номерлер менен жарышышты. Тогуз группанын ортосунда кыргыз маданияты, каада-салттары, ыр-бийлери боюнча мыкты чыгармачыл жарыш болду. Студенттер мурда берилген тапшырмаларды конкурста ийгиликтүү көрсөтүштү. Калыстар тобунда окутуучулар болуп, ар бир оюн өз баасын алды.

Жыйынтыгында студенттерге кыргыз тилинде этно маданиятты жактап, өз ойлорун кенен түшүндүрүп бергени үчүн колледждин жетекчилиги студенттерди жана аларды бул предметтен окуткан окутуучуларына ыраазычылык билдиришти. Кеченин аягында катышкан 9 тайпага тең университет тарабынан диплом, ыраазычылык баракчалары менен кошо акчалай сыйлыктар да тапшырылды. Конкурстун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз.