0%
Brand Image
Loading ...

АЭУда 11-класстар үчүн орус тили боюнча олимпиада өттү

2024-жылдын 16-мартында АЭУда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 11-класстын окуучулары үчүн орус тили боюнча олимпиада өткөрүлдү.

Катталган катышуучулардын жалпы саны 180 адамды түзүп, алардын ичинен 65 окуучу активдүү катышты. Олимпиада эки тур менен өттү: биринчи тандоо туру LMS MOODLE системасы аркылуу онлайн-тестирлөө режиминде жүргүзүлүп, ар бир катышуучуга жекече тапшырмалар берилди. Экинчи турга 20 окуучу өтүп, белгилүү тапшырмаларды аткаруу менен тексттин үстүндө иштешти.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен төмөнкү катышуучулар жеңүүчү деп табылды:

1-орун: Сабиров Самир (101 упай)

2-орун: Абасбекова Акылай (97,7 упай)

3-орун: Осмонбаев Айбек (96,5 упай)

Ошондой эле бир нече катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилип, экинчи турдун бардык катышуучулары сертификаттарды алышты. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган окутуучуларга ыраазычылык каттар жөнөтүлдү.

Олимпиаданын негизги максаты – жаштар арасында билим берүүнү жайылтуу орус тилин үйрөнүүгө болгон кызыгууну арттыруу, АЭУ менен тааныштыруу жана студенттерге бакалавр даражасын алуу үчүн кесип тандоодо көмөк көрсөтүү. Бул иш-чаранын бардык катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз.