0%
Brand Image
Loading ...

“Кибер кылмыштарды иликтөө алгоритми” курсу аяктады

2024-жылдын 19-мартында тесттерден жана сабактардан ийгиликтүү өткөн катышуучулар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 72 сааттык кибер коопсуздук боюнча лицензияланган сертификатын алышты. 

Жарым жыл аралыгында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылаган “CyberOfficial” долбоорунун алкагында АЭУнун Кибер коопсуздук борборунун базасында “Кибер кылмыштарды иликтөө алгоритми” комплекстүү курсу иштелип чыккан. Долбоордун координаторлору – доцент Жылдыз Тегизбекова жана Бурул Шамбетова. 

Курстун биринчи бөлүгү февраль айында башталган. Үч жуманын ичинде сабактар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин базасында оффлайн режимде өтүп, катышуучулар АЭУнун онлайн курстарынын системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Системада катышуучулар тапшырмаларды окуп, тесттерди жана экзамендерди тапшыра алышты. Курска Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, “Инфоком”, “Түндүк” мамлекеттик ишканаларынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен 45 мамлекеттик кызматкер, ошондой эле КОСУ менен КММАнын окутуучулары катышты. 

Курс киберкоопсуздук, маалыматтык технологиялар жана кибер укуктар боюнча он эксперт тарабынан иштелип чыккан. Ал киберчабуулдардан коргоо, киберкоопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, кибергигиена жана башкалар сыяктуу маанилүү темаларды камтыйт. Курстун уюштуруучулары КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле министр Н. А. Кутнаевага кызматташкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: