0%
Brand Image
Loading ...

ИИМдин Академиясынын доцентинен конок лекция 

2024-жылдын 19-мартында АЭУда “Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар: алардын идеологиясы жана коркунучтары” аттуу темасында конок лекция өткөрүлдү.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын ИИМнин Э.А. Алиев атындагы Академиясынын кылмыш жаза укугу кафедрасынын доценти, милициянын полковниги Манас Аманбаев өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Академиянын доценти аталган тема боюнча кеңири маалымат менен бөлүшүп, презентация аркылуу көрсөтүп берди. Иш-чаранын жыйынтыгында конок лекторго АЭУнун ыраазычылык каты тапшырылды. Манас Аманбаев мырзага пайдалуу маалымат менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сүрөт отчету: