2024-жылдын 20-мартында АЭУнун Даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдокматова менен студенттердин жолугушуусу өттү. Анын көрүнүктүү жетишкендиктерине жана коомдук иш-аракеттерине өзгөчө көңүл бурулуп келет.
Иш-чаранын алкагында Евразия адабий кеңешинин башчысы жана Чынгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун башкы катчысы А. Молдокматова катышуучулар менен жеке жана кесиптик максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруунун сырлары менен бөлүшуп, ошондой эле жеке өсүү стратегиялары, убакытты башкаруу жана турмуштук пландар жөнүндө айтып берди.
Аталган жолугушуу студенттер үчүн баалуу кеңештерди алуу менен гана чектелбестен, алардын көз карашын кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болду. Коногубузга пайдалуу маалыматтар үчүн, ошондой эле иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз.