0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун командасы “Мыкты инновациялык долбоор” номинациясын жеңди

2024-жылдын 29-мартында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (БМУ) тарабынан мыкты долбоорлорду жана бизнес-пландарды аныктоо максатында уюштурулган Менеджмент Олимпиадасы болуп өттү.

Олимпиада тестирлөө, долбоорлорду сунуштоо жана квиз-оюн болуп үч турдан өткөрүлдү. Тапшырмалар жекече жана топ боюнча жүргүзүлдү. Менеджмент кафедрасынын 1-курсунун студенттери Айткулова Саадат, Софья Дьячковская, Элизат Султанали кызы жана Тологонова Акылай тестирлөөдөн 2-орунду ээлешип, “Мыкты инновациялык долбоор” номинациясы менен сыйланышты.

Айткулова Саадат

Биз жергиликтүү “Үмүт & Ко” компаниясынын кемчиликтерин аныктоо боюнча долбоор иштеп чыгып, өз чечимдерибизди сунуштадык. КРнын жашоочулары арасында сурамжылоо жүргүзүп, “Үмүт & Ко” продукциясынын дизайны эскиргенин аныктадык. Бул компания “Белая река” компаниясынан бир аз артта калганын байкап, алардын товарларынын таңгактарынын дизайнын өзгөртүүнү чечтик. Мисалы, биз айран, сүт, сыр сыяктуу азыктардын таңгактарын редизайн кылдык, ошондой эле логотипти жакшырттык. Ошентип, биз көйгөйдү аныктап гана тим болбостон, аны ийгиликтүү чече алдык.

Катышуучулардын айтымында, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. БМУ Олимпиаданы жыл сайын өткөрөрүн эске алып, биздин студент кыздар кийинки жылы да катышууга кызыкдар. Студенттерибизди куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөт отчету: