0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун командасы AI Art Hackathon’до 1-орунду алды

Интервью студенток

АЭУнун Инженерия и информатика факультетинин 2-курсунун студенттери Айбийке Оморова, Эльдана Омушова жана Алтынай Мелисова 2024-жылдын 29-мартынан 5-апрелине чейин өткөрүлгөн AI Art Hackathon’до 1-орунду алышты. Хакатон Жогорку технологиялар паркы жана The Cramer Project тарабынан уюштурулган.

Жеңүүчүлөрубүз таасирлери менен бөлүштү: 

“Жалпысынан 20 финалист командалар болду. Университетте алган билим жана көндүмдөрдүн жардамы менен чоң ийгиликке жетиштик. Демо-күнү “Picasso” аттуу долбоорубузду сунуштадык. “Picasso” – вертикалдуу беттерге сүрөт тартууга жөндөмдүү робот. Роботту башкаруу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Тиркемени командабыз менен бир жуманын ичинде иштеп чыктык.

Бул биздин мындай иш-чараларга катышкан биринчи тажрыйбабыз болду жана стартаптарда, ошондой эле долбоорлордо жасалма интеллектти колдонууда баалуу тажрыйбага ээ болдук. Мындай иш-чарада окуу жайыбыздын намысын сыймыктануу менен коргогонубузга абдан кубанычтабыз. Уюштуруучуларга биздин жөндөмдөрүбүздү көрсөтүп, жасалма интеллект жана стартап жаатында көптөгөн жаңы нерселерди билүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.”

АЭУнун долбоорунун илимий жетекчилери Андрей Ермаков, Руслан Исаев, Таухид Хан, Гүлзада Эсеналиева, ошондой эле стартаптар боюнча консультант - Радмир Гумеров.

Сүрөт отчету: