0%
Brand Image
Loading ...

Ишембилик иш-чарасы 

2024-жылдын 6-апрелинде АЭУнун Даярдоо курсунун студенттери Студенттик жашоо бөлүмү менен биргеликте коомдук жайларды көрктөндүрүү боюнча ишембилик уюштурушту.

Анкара көчөсү, АЭУнун аймагы, “Аю Гранд” соода борбору жана турак үйлөрдүн ортосундагы көчөлөрдүн айланасы тазаланды. Ошондой эле жети көк карагай жана “Смарагд”сортундагы үч туя отургузулду.

Мындан тышкары, айрым кафедралардын студенттери коомдук жайлардын тазалыгын сактоо үчүн ишембилик иш-чараларын уюштурушат.

Сүрөт отчету: