0%
Brand Image
Loading ...

Бишкекте киберкоопсуздук боюнча мектеп олимпиадасы өттү 

2024-жылдын 8-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) Бишкек шаарынын 10-11-класстарынын окуучулары арасында киберкоопсуздук боюнча “Ala-Too CTF 2024” олимпиадасы өткөрүлдү.

Олимпиаданы АЭУнун Инженерия жана информатика факультети университеттин Киберкоопсуздук борбору менен биргеликте уюштурган.

“Ala-Too CTF 2024” олимпиадасы эки тур менен өттү. Биринчи тандоо туру онлайн режиминде өтүп, катышуучуларга криптография, web-security, OSINT, network security, reverse engineering категорияларына бөлүнгөн Jeopardy форматта санариптик тапшырмаларды аткаруу үчүн 48 саат берилген. Топтолгон баллдын жыйынтыгы боюнча алгачкы 25 адам кийинки турга жолдомо алды.

Кийинки этап эки бөлүктөн турду: биринчи бөлүгү тапшырмаларды чечүүгө арналган, экинчи бөлүгү – кошумча упай топтоо үчүн командалык квест. Ар бир бөлүккө үч сааттан берилди.

Топтолгон упайдын жыйынтыгы боюнча байге ээлери аныкталды:

1-орун: Мырза Бапаев, 2-курс, ПОВТАС, АЭУнун IT & Business колледжи

2-орун: Айдарбек Качиев, 1-курс, ПОВТАС, АЭУнун IT & Business колледжи

3-орун: Бекзат Бакытбек уулу, 2-курс, ПОВТАС, АЭУнун IT & Business колледжи

“Киберкоопсуздук боюнча Олимпиада – Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн алгачкы иш-чаралардын бири. Онлайн-турга Бишкектин 50дөн ашык окуучусу, анын ичинде Ош шаарынан да катышты. Криптография, программалоо, тармактык пакеттерди кармоо көндүмдөрү, жабык булактардан маалымат издөө жана башка тапшырмалар ылдамдык менен аткарылды. Катышуучулардын мындай көндүмдөрдүн кеңири спектрине ээ болушу аларга ири IT-компанияларына жумушка орношууда чоң артыкчылык берет. Олимпиаданын максаты мектеп окуучуларынын киберкоопсуздукка жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле алардын бул жааттагы таланттарын аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат” - деп белгиледи АЭУнун Инженерия жана информатика факультетинин деканы, Руслан Исаев

Киберкоопсуздук борборунун координатору Руслан Амановдун айтымында, Олимпиаданын миссиясы – жогорку класстын окуучулары арасында “киберкоопсуздук” багытын жайылтуу, окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн белгилүү бир багыт боюнча кошумча даярдыктарды уюштуруу, болочок кесипке болгон кызыгууну арттыруу, ошондой эле кошумча тематиканы үйрөнүүгө болгон каалоону стимулдаштыруу. 

“Олимпиаданын өнөктөштөрүнө киберкоопсуздук боюнча адистердин келечек муунуна кошкон салымы үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз. Кийинки Олимпиаданы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген катышуучуларды камтуу менен масштабдуу деңгээлде өткөрөбүз деп ишенебиз” -деп кошумчалады Руслан Аманов.

Киберкоопсуздук боюнча Олимпиада Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык колдоосу жана “Green Light” ЖЧКнын каржылык колдоосу менен өттү. 

Сүрөт отчету: