0%
Brand Image
Loading ...

Эл аралык конференция: Абдуразаковдун окуулары – Дипломатия жана Билим

2024-жылдын 16-апрелинде АЭУда Кыргыз Республикасынын ТИМнин 80 жылдыгына жана азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Абдразаковдун окуулары – Дипломатия жана билим”аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Ишенбай Абдуразаков – дипломатиянын тарыхында өчпөс из калтырган Кыргызстандын көрүнүктүү дипломаты. Ал 2008-жылы ыйгарылган Кыргыз-Япон мамилелерин жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Жапониянын эң жогорку сыйлыгынын жалгыз ээси.

АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, университеттин максаттарын жана миссиясын кыскача тааныштырды. Конференцияга И. Абдуразаковдун жакын достору, санаалаштары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

И. Абдуразаковдун уулу Авазбек Абдуразаков өз сөзүндө атасынын мектеп жылдарына жана анын чоң билимге умтулуусуна токтолуп, күбө катары дипломатиялык иштери жөнүндө айтып берди. 

Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года Жапониядагы дипломатиялык миссиясы учурунда СССРдин, андан кийин Россия Федерациясынын Саппоро шаарында Башкы консулу болуп турганда И. Абдуразаковдун Жапония, Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымын өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, Абдуразаков жапондордун кадырлуу жана жакын досу болгон. 

Тышкы иштер министрлигинин экс-министри Аликбек Жекшенкулов И. Абдуразаковдун кесипкөй дипломат тандоосуна тийгизген таасирин эскерди:

“Анын көрүнүктүү эмгектери татыктуу баалана элек жана ага татыктуу урмат-сый көрсөтүүгө убакыт келди. Ошондуктан Бишкекте И. Абдуразаковдун эстелигин орнотуу мүмкүндүгүн талкуулоо керек.”

Кесиптеши жана замандашы Тилектеш Ишенкулов И. Абдуразаков Кыргызстандын улуттук байлыгы жана анын элесин түбөлүккө калтыруу керек деп эсептейт. Кыргызстандын мурдагы элчилери Данияр Сыдыков жана Борубай Аширов, ошондой эле Өзбекстандын, Казакстандын жана Россия Федерациясынын элчиликтеринин өкүлдөрү И. Абдуразаковдун Кыргызстандын дипломатиялык кызматын түзүүдө жана өнүктүрүүдө, ошондой эле өз өлкөлөрүнүн көз карандысыз Кыргызстан менен мамилелерин кеңейтүүдө жана тереңдетүүдө сиңирген эмгегин өзгөчө белгилешти.

Мурдагы билим берүү министри, КРнын мурдагы элчиси Ишенгүл Болжурова Евразиялык мейкиндиктин алкагында билим берүү тармагында санариптик платформаны биргелешип түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Анын пикиринде, мындай кадам заманбап чакырыктарды жана талаптарды эске алуу менен университеттердин жана бүтүндөй билим берүү системасынын деңгээлин сапаттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Конференциянын бардык катышуучуларына жана конокторуна салымы жана активдүү катышкандыгы үчүн, ошондой эле Эл аралык мамилелер кафедрасына уюштуруу иштери үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету: