0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун студенти Global Korea Scholarship алкагында Түштүк Кореяда билимин улантууда

Сайкал Сакмаматова, АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасынын 3-курсунун студенти Корея өкмөтүнүн Global Korea Scholarship – көрүнүктүү студенттер үчүн стипендиялык алмашуу программасынын алкагында Түштүк Кореяда билим алууда. 

Анкетаны туура толтуруу, мотивациялык кат, окуу планын жазуу, ошондой эле сертификаттар, сунуштоо каттары сыяктуу кошумча документтерди даярдоо процесстеринен ийгиликтүү өтүп, биздин студент жазгы семестрди АЭУнун Түштүк Кореянын Чинжу шаарындагы өнөктөш университетинде – Gyeongsang National University (GNU) окуп жатат. 

“Мен GNUда саясат таануу адистигинде окуп жатам. Окутуучуларым ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Түштүк Корея, Кытай, АКШ жана Франциядан келишкен. Ошондой эле Кытай, Вьетнам, Франция, Индонезия, Казакстан, Япония жана башка өлкөлөрдүн ар кандай студенттери менен баарлашуу мага эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенти катары олуттуу артыкчылык берип жатат. Түштүк Корея экономикалык өсүшүнүн негизги фактору катары билим берүүгө озгөчө маани берип, анын ичинде STEM предметтерине басым жасайт.

Бул менин чет өлкөгө биринчи жеке сапарым жана мен корей студенттеринин жашоосуна акырындап көнүп жатам. Алардын окуу адаттарын кылдаттык менен байкап, корей студенттерине мүнөздүү болгон тырышчаактык жана эмгекчилдик сапаттарын айта алам. Ошондой эле корей маданияты, каада-салты жана ашканасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдым. Тарыхый жерлерге баруу, жаңы тамактарды татып көрүү – булардын бардыгы мен үчүн унутулгус тажрыйба. Азыр хангыль корей алфавитинин негиздерин нөлдөн баштап үйрөнүп жатам. Мага баалуу мүмкүнчүлүк бергени үчүн университетиме, Эл аралык мамилелер кеңсесине жана кафедрама ыраазычылык билдиргим келет” - деп белгиледи Сайкал.

Сүрөт отчету: