0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун өкүлдөрүнүн Жапонияга болгон иш сапары

2024-жылдын 15-апрелинен 20-апрелине чейин АЭУнун Административдик-чарбалык иштери боюнча проректору Сейитбек Тиллеков жана Эл аралык мамилелер кеңсесинин директору Эдил Коногалиев Жапониядагы бир нече окуу жайларда болушту.

АЭУ өкүлдөрү Нагаока шаарынын мэри – Татсунобу Исода, Яхико айылынын мэри, Сибата шаарынын мэри жана Кыргыз Республикасынын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев менен жолугушуту. Ошондой эле жумушчу топтун өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары С. Тиллеков менен Э. Коногалиев Nagaoka Kosen Institute, Nagaoka University of Technology, International University of Japan жана Jigyo Sozo University ЖОЖна барышты. Иш сапардын жүрүшүндө тараптар студенттер үчүн стипендиялык жана алмашуу программалары, MBA магистрдик программалары, тажрыйба алмашуу тууралуу кызматташуунун пландарын талкуулашты. Ошондой эле эки жогорку окуу жай менен кызматташуу боюнча Меморандумдар кол коюунун акыркы баскычында экени белгиленди. АЭУ Жапониянын өкүлдөрүнө жана бардык окуу жайларына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт!

Сүрөт отчету: