0%
Brand Image
Loading ...

Литвадагы Вильнюс университетинин профессорлору менен жолугушуу

2024-жылдын 29-апрелинде АЭУда Литвадагы Вильнюс университетинин профессорлору менен жолугушуу болуп өттү. 

Айнэ Рамонайте – Эл аралык мамилелер жана саясат таануу институтунун профессору, ошондой эле Юлита Слипкаускайте – Вильнюс университетинин PhD докторанты АЭУнун жетекчилиги, ошондой эле студенттер менен жолугуп, Вильнюс университети кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет, кабыл алуу талаптары жана башка актуалдуу маалыматтар жөнүндө кеңири маалымат берди.

Вильнюс университети – АЭУнун өнөктөш университети жана эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 470 университеттин катарына кирет. Ошондой эле искусство жана гуманитардык илимдер, табигый илимдер, коомдук илимдер жана менеджмент, инженерия жана технология, медико-биологиялык илимдери боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкылардын бири.

АЭУ Вильнюс университетинин профессорлоруна сапары үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: