0%
Brand Image
Loading ...

АЭУнун магистранты окуусун АКШда улантат

АЭУнун кош диплом программасы жигердүү өнүгүп, студенттерди дүйнө жүзүндөгү өнөктөш университеттерге жөнөтүүдө. 

АЭУнун Аралыктан окутуу борборунун Педагогика магистрдик программасынын студенти Назгүл Мамбеталиева жакында кош диплом программасынын алкагында АКШдагы North American University (NAU) окуусун улантат. Өткөн жылы студентибиз программага тандалып алынып, жакында АКШга виза алды. Анын айтымында, чет элдик ЖОЖго даярдануу процесси бир топ күч-аракетти жана чыдамкайлыкты талап кылат:

“Кыргызстанда англис тилин мыкты билген жогорку квалификациялуу мугалимдерге муктаждык бар. Менин максатым жөн гана мугалим болуу эмес, заманбап окутуу ыкмаларын мыкты билген, суроо-талапка ээ адис болуу. NAU’да алган тажрыйбам өлкөбүздө окутуунун акыркы методикасын колдонууга жардам берет деп ишенем.

Атлаган программага катышам деп пландап жаткан студенттерге чыдамдуу жана туруктуу болгула деп айткым келет. Тапшыруу процессинде кандай документтер керек, кийинки кадам кандай болору жөнүндө инструкция түздүм. Эгерде тапшыруу боюнча суроолор болсо, жардам берүүгө даярмын. Профессордук-окутуучулук курамга алардын туруктуу колдоосу жана кесипкөйлүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.”

Кош диплом программасы – бул студенттерге окуу программасында эки диплом алууга, академиялык тажрыйбасын байытууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүчү инновациялык билим берүү ыкмасы. Студентибизге NAU’дагы окуусунда чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөт отчету: