0%
Brand Image
Loading ...

Тегерек стол: “Илимий кадрларды даярдоодогу заманбап тенденциялар” 

2024-жылдын 17-майында АЭУнун PhD, докторантура, аспирантура жана магистратура институту тарабынан уюштурулган “Илимий кадрларды даярдоодогу заманбап тенденциялар: PhD, докторантура, магистратура и аспирантура” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Программага АЭУнун ректору Жылдызбек Жакшылыков, окуу иштери боюнча проректор Рустам Умаров, ошондой эле университеттин окутуучулары жана докторанттары катышышты. Иш-чаранын негизги коноктору Назарбаев Университетинин профессорлору Шаматов Дүйшөн, Тседисо Майкл Макоэле жана Мир Афзал Тажик болушту. Алар Назарбаев Университетинин PhD даражасына тапшыруу процесси жана тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Талкуунун жүрүшүндө студенттердин докторантурада, магистратурада жана аспирантурада ийгиликтүү адаптацияланышынын негизги аспектилери аныкталып, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жана мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор жана изилдөөлөр белгиленди. Назарбаев Университетинин профессорлору чакыргандыгы жана тажрыйба алмашууда кызматташууга даярдыгы жана илимий кадрларды даярдоодогу мыкты тажрыйбалар үчүн ыраазычылык билдиришти. АЭУ Назарбаев Университетинин профессорлоруна сапары үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: