0%
Brand Image
Loading ...

Ари Покканын “Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы” китебинин бет ачары

2024-жылдын 17-майында АЭУда Финляндиянын белгилүү педагогу, агартуучу Ари Покканын “Мыкты мектеп. Мектепти финндердей башкаралы” китебинин бет ачары болуп өттү. Автор окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугуп, өзүнүн билим берүү тармагындагы колдонгон тажрыйбасы, куррикулум боюнча семинар өттү. Иш-чаранын алкагында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, пикир алышуу да болду. Бет ачар автордун кол тамгасын алуу менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, аталган китеп “Bugupress” басма үйү тарабынан которулуп, китептин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 14-18-май күндөрү “Орион” мейманканасында өткөн. Бет ачарга мектеп мугалимдери жана жетекчилери, билим берүү тармагындагы агартуучулар, окумуштуулар жана китеп сүйүүчүлөр катышкан.

АЭУнун Жангороз Каниметов атындагы илимий китепканасына, ошондой эле Ph.D, аспирантура жана магистратура институтуна иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.