0%
Brand Image
Loading ...

“ALATOO HUB BATTLE” өнүгүүгө кантип жол ачат

Азыркы дүйнөдө жаштар убакыттын өтүшү менен стартаптарга кызыгып, идеяларын ишке ашыруу жана келечекке таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатышат. Бул тенденция инновациялардын өнүгүшүнө жана заманбап көйгөйлөрдү чечүүгө даяр ишкерлердин жаңы толкунунун калыптанышына өбөлгө түзөт.

2024-жылдын 17-майында АЭУда Accelerate Prosperity менен өнөктөштүктө “ALATOO HUB BATTLE” – студенттик стартаптардын биринчи эл аралык конкурсу болуп өттү. Стартап конкурсу студенттерге өз идеяларын сунуштоого жана аларды ишке ашыруу үчүн инвестиция алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. 

“ALATOO HUB BATTLE” – бул жөн гана мелдеш эмес, атайын иштелип чыккан эл аралык платформа. Катышуучулар өз стартаптарын инвесторлордун жана тармактык эксперттердин алдында көрсөтүп, ар кайсы өлкөлөрдүн команда мүчөлөрү менен баалуу байланыштарды түзө алышат. 

Сынактын финалдык бөлүгүнө катышуу үчүн Кыргызстандын жети университетинен 16 команда тандалып алынды: АЭУ, Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ж. Баласагын атындагы КУУ, Адам университети, Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту, БААУ жана КМТУ. 

Иш-чаранын уюштуруучусунун, ошондой эле АЭУнун Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөө борборунун координатору Радмир Гумеровдун айтымында, сынактын максаты жергиликтүү студенттер үчүн гана эмес, чет элдик студенттер үчүн ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стартаптарын сунуштоо үчүн аянтча түзүү болгон. Бул платформа долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын сыйлуу коногу Бангладештеги Даффодил эл аралык университетинин төрагасы жана негиздөөчүсү, ошондой эле Азия жана Тынч океан университеттеринин Ассоциациясынын президенти Мохаммад Сабур Хан болду. Ал ишкердүүлүк бардык жагынан өнүгүшү керек деп белгиледи:

“АЭУга жана студенттерге ушул сыяктуу иш-чараларын уюштурганына ыраазымын, анткени жаштар көптөгөн идеяларга бай. Көбүрөөк ишкерлер өлкөгө да, экономикага да олуттуу пайда алып келет деп ишенем, мисалы, бир ишкер көптөгөн жумуш орундарын түзө алат. Менин оюмча билим берүү мекемелерине артыкчылык берилиши керек, анткени алар ушул сыяктуу иш-чаралардын көпчүлүгүн питчинг форматында өткөрүшөт. Бул студенттерге өзүлөрүн таанытууга мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык стартап конкурсунун алкагында АЭУнун жана башка окуу жайлардын студенттеринин өз таланттарын, инвесторлорду ынандыруу көндүмдөрүн байланыш, маркетинг жана бизнести пландаштыруу аркылуу көрсөткөнүн көрдүм. Бул инновациялык көп түрдүүлүктү жаратып, коомго пайда алып келет деп ишенем. Каражат бөлүп, насаатчылык жана башка мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен аларды колдоого умтулушубуз керектигин баса белгилегим келет.”

Жеңүүчүлөр үчүн жалпы инвестициянын суммасы $10,000 чейин түздү. Конкурстун жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

1-орун: “Cargo Tracker” – жүктү жүктөө чекитинен түшүрүү чекитине чейин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө системасы. (АЭУ)

2-орун: “Smart-ozonator” – медициналык мекемелерге жана лабораторияларга медициналык буюмдарды зыяндуу микроорганизмдерден жана вирустардан төмөнкү температурада стерилизациялоо үчүн интеллектуалдык түзүлүш. (КМТУ)

3-орун: “Picaso” – дубалга түздөн-түз уникалдуу искусство чыгармаларын жаратууга мүмкүндүк берген сүрөт тартуу үчүн жеке робот. (АЭУ)

Эмирбек Нурбеков, жеңүүчүлөрдүн бири, АЭУнун Инженерия жана информатика факультетинин 4-курсунун студенти өзүнүн таасирлери менен бөлүштү:

“Биз Кыргызстандан Орусия Федерациясына жөнөтүлүп жаткан жүктөргө реалдуу убакыт режиминде көз салууга мүмкүндүк берген “Cargo Tracker” стартапыбызды сунуштадык. Кыска убакыттын ичинде долбоорубуздун маанилүүлүгүн жана анын коомго пайдасын калыстар тобуна жеткире алдык. Долбоорго тиешелүү болгон калыстар тобунун бардык суроолоруна жооп берип, биринчи орунду ээледик. Бирок муну менен токтоп калбастан стартапыбызды өнүктүрүүнү улантабыз, анткени бизде чоң жоопкерчилик пайда болду. Уюштуруучуларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берген кызыктуу иш-чара үчүн ыраазычылык билдиргим келет.”

Калыстар тобунун курамында туруктуу өнүктүрүү жана социалдык инновациялар жаатындагы эксперттер, компаниялардын негиздөөчүлөрү жана Accelerate Prosperity бизнес-акселераторунун өкүлдөрү болушту. Атлаган иш-чара жаштардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, инновациялык идеяларын ишке ашырууга умтулган студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Сүрөт отчету: