0%
Brand Image
Loading ...

Inha университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу

2024-жылдын 22-майында АЭУда Түштүк Кореядагы Inha университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууда Глобалдык билим берүү долбоорлор тобунун деканы Кюнджин Мин жана эл аралык кабыл алуу комиссиясынын менеджери Хэджонг Ким болушту. 

Тараптар окутуучулар менен алмашуу жана кош диплом программасынын алкагында студенттердин санын көбөйтүү сыяктуу кызматташуунун аспектилерин талкуулашты.

Inha университети – АЭУнун өнөктөш университети жана Түштүк Кореянын алдыңкы жеке изилдөө университеттеринин бири. Окуу жай инженердик жана физикалык илимдер боюнча изилдөөлөрү менен белгилүү.

АЭУ өкүлдөргө сапары жана жемиштүү баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирет.