0%
Brand Image
Loading ...

Чоң-Алай районунун мугалимдерине акысыз курстар өткөрүлдү

АЭУнун Квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү институту “Элим, барсыңбы?!” коомдук-кайрымдуулук фонду менен биргеликте “BILIM INVEST” долбоорунун алкагында Чоң-Алай районунун мугалимдерине квалификацияны жогорулатуу курстарын акысыз өткөрдү. Социалдык долбоор кайрымдуулук максатта ийгиликтүү ишке ашырылып, квалификацияны жогорулатуу курстарына катышкан мугалимдердин саны 200дөн ашты. АЭУнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров долбоор боюнча кыскача айтып өттү:

““Элим, барсыңбы?!” коомдук-кайрымдуулук фондунун “BILIM INVEST” долбоорунун алкагында Лейлек районунун мугалимдерине квалификацияны жогорулатуу курсун өткөрүү боюнча сунуш келип, аталган райондун 70 мугалимине квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдүк. Мындан кийин долбоорду улантуу чечимин кабыл алып, эки жылдын ичинде Чоң-Алай районунда, Ысык-Көл облусунда жана алыскы айылдардагы мугалимдерге квалификацияны жогорулатуу иш-чаралары өткөрүлүп келет. Долбоордун негизги максаты – башка региондордогу мугалимдер менен билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле билим жаатына салым кошуу. ”

АЭУнун Квалификацияны жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору Кундуз Жусупекова курстар кандай темаларды камтыганы тууралуу айтып берди:

“Социалдык долбоордун алкагында мугалимдер менен алдын-ала интервью жана сурамжылоолорду жүргүзүп, санарип билимге ээ болуу боюнча темаларга басым жасалды. Мисалы, Баткен жана Ысык-Көл облустарында виртуалдуу китепкана жана аларды туура сактоо, веб-базалык курстарды даярдоо, санариптештирүүдө мугалимдер эмнелерди эске алыш керек деген темаларга токтолсок, Чоң-Алай районунда бираз айырмачылыктар болду.

Онлайн документтерди башкаруу, 10 миңден ашык платформасы бар жасалма интеллектти максаттуу колдонуу, жасалма акылды колдонуу менен кыска мөөнөттүн ичинде жылдык планды, презентацияларды жана башка материалдарды даярдоо темаларына басым жасалды. Мындан тышкары мугалимдердин суранычы боюнча психология боюнча темалар камтылды. Чоң-Алай районунундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин мугалимдери биздин темаларды мугалимдер арасында жайылтып жатышат – бул биз үчүн ийгиликтин бир бөлүгү.”