0%
Brand Image
Loading ...

Парагон эл аралык университетинин делегациясы АЭУда

2024-жылдын 23-майында АЭУда Камбоджанын Парагон эл аралык университетинин делегациясы менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Парагон эл аралык университетинин ректору жана проректорунун милдетин убактылуу аткаруучу Мург Брэдли Дженсен, ошондой эле университеттин декандары жана башка бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кош диплом программасы, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен алмашуу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен академиялык иш-чараларды өткөрүү талкууланды.

АЭУ делегацияга иш сапары жана жемиштүү талкуу үчүн ыраазычылык билдирет.